akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-30-07, 07:17

    Баткенде кургатылган өрүктү иштете турган завод ачуу сунушталды

    Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Түркиянын Малатья шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Веста” кургатылган өрүк фабрикасына барды. Бул тууралуу тиешелүү министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

    Жолугушууда соода өкүлү Баткен шаарында ушундай эле заводду курууну сунуштады жана Баткен менен Ысык-Көл облустарында өндүрүлгөн өрүктү кайра иштетүүгө жана эл аралык рынокко чыгарууга кызыктар экендигин билдирди.

    Жолугушуунун жыйынтыгында экологиялык таза продукцияны кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү таанышуу чечими кабыл алынды.

     


    Тектеш материалды окуу