akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-02-02, 10:07

    Бажы кызматы январь айында белгиленген пландан 1,566 млрд сомго көп салык чогулту

    Мамлекеттик бажы кызматы 2022-жылдын январь айына карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча планды ашыкча аткарды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

    Январь айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 4,926 млрд сомду түздү.

    2021-жылдын январь айына салыштырмалуу түшүү 2,946 млрд сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 111,3% түздү. 2020-жылдын апрелине карата 2,208 млрд сомго, же өсүү темпи 248,8% түздү.

    "Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 146,6%га аткарылган же 1,566 млрд. сомго көп чогултулган",- деп айтылат маалыматта.