akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-08, 03:25

    «Бедел» көзөмөл өткөрүү бекети жакында ачылат

    “Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту жакын арада ачылаары пландалууда. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сунь Хунмэй кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышына даярдык көрүү боюнча  жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

    Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун жана “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” багыты боюнча унаа жолдун курулушунун оң динамикасын белгилешти.

    Ошондой эле, жолугушуунун алкагында тараптар биргелешип курулуп жаткан инфраструктуралык объекттерди көрүп чыгышты.

    Белгилеп кетсек, 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.