Жарыяланган
2019-26-08, 06:03Бүгүнтөн баштап Beeline бардык калоочулар үчүн кооз номерлердин эки жумалык аукционун баштады. Иш чара 2019-жылдын 31-декабрына чейин этап түрүндө өтөт. Аукциондун азыркы этабы 2019-жылдын 5-сентябрында аяктайт.
Аукцион онлайн режиминде өтөт. 1 лоттун баштапкы баасы 1 сомдон 100 миң сомго чейин болот.
[news 16651]
Кооз номерлер (VIP, Платина, Алтын+ категориясындагы) эң жогорку бааны сунуштаган колдонуучуларга берилет. Аукциондун мөөнөтү бүткөндөн кийин жеңүүчүгө эки жумадан билдирүү келет. Андан кийин колдонуучу Beeline`дын сатуу жана тейлөө кеңсесине келип номерди каттатып, ага сунуштаган акчаны (накталай түрдө) төлөгөндөн кийин кийин sim-карта тапшырылат.
[news 16644]
Эскертсек, эгер аукционго катышып жаткан колдонуучу сайтыбызга каттала турган болсо лоттун баасы дагы жогорулайт. Ошондой эле аукциондун жүрүшү тууралуу суроолорго жооптор сайтыбызда кеңири жазылган.