akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернет

    Жарыяланган

    2025-04-04, 12:28

    Быйыл Ысык-Көлдө 56 миңдей акылдуу эсептегич орнотулат

    Быйыл Ысык-Көл облусунда 55 миң 923 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. 

    Жыл башынан бери 10 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду. Калгандары жыл аягына чейин коюлат. Акылдуу эсептегичтер электр энергия менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу, карызы барлардын санын азайтуу максатынду алмаштырылууда. 

    Министрлик билдиргендей, 2024-жылы Ысык-Көл электр тармагы ишканасы облуста 15 миң 91 кардарга акылдуу эсептегич орноткон. Анын ичинен 12 миң 590у Түп районунда коюлган.


    Тектеш материалды окуу