akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-07-09, 13:50

    Быйыл Кыргызстанда селден 1 млрд сомго материалдык зыян келтирилди

    Быйыл Кыргызстанда селден 1 миллиард сомго материалдык зыян келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурсултан Беренбеков билдирди.

    Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында 330дан ашуун сел катталды. Көбү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына туура келди. Табигый кырсык 22 адамдын өмүрүн алды.

    Беренбеков белгилегендей, учурда кооптуу делген тилкелерде күнү-түнү нөөмөт жүргүзүлүп, шашылыш билдирүүлөр берилип турат.