akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-24-05, 05:07

    Билим берүү башкармалыгы кыргыз-корей колледжи менен кызматташат

    Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгы кыргыз-корей колледжи менен меморандумга кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

    Меморандумга борбор калаанын мектептери үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы кызматташууну кеңейтүү максатында кол коюлду. 

    Кызматташуунун алкагында инновациялык технологиялар тармагында окуучуларды окутуу үчүн 15 мектеп тандалып алынат. 

    “Ошондой эле, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдери STEM тармагында квалификациясын жогорулатып, тажрыйба алмаша алышат”, - деп айтылат маалыматта.