akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-29-01, 18:40

    Былтыр «Мекен карт» макамын 184 киши алды

    Былтыр "Мекен карт" макамын 184 киши алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, аталган статусту алууга арызды 210 адам тапшырган. “Мекен карт” макамын алгандардын көбү Россия, калганы Германия, Украина, Корея, Түркмөнстан өңдүү мамлекеттерде жашагандар.

    “Мекен картка” документ кабыл алуу 2023-жылы мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет. Аны алган жарандар Кыргызстанга эркин кирип-чыгат жана визадан бошотулат.


    Тектеш материалды окуу