Жарыяланган
2025-22-04, 09:15Былтыр Кыргызстандагы каржы уюмдар 85.5 млрд сом киреше тапты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 2024-жылы өлкөдө 626 каржы уюм иш алып барган. Алардын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 586 каржы-кредиттик мекеме, 16 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд бар.
Былтыр алар жалпы 198 млрд 684 млн сом тапкан. Чыгашалары 113 млрд 131.9 млн сомду түзгөн. Жыйынтыгында алардын кирешеси 85 млрд 457.2 млн сомго жеткен. Ал 2023-жылга караганда дээрлик эки эсеге көп. Мурдагы жылы алардын кирешеси 43 млрд 727.5 млн сом болгон.
Кирешенин көбүн банктар, анын ичинде Улуттук банк тапкан. Былтыр аталган мекеменин кирешеси 42,53 млрд сом болгону кабарланган.