Жарыяланган
2025-16-04, 22:20Бүгүн, 16-апрелде Кыргызстанда айрым жеке ишкерлерди жана патент менен иштеген жарандарды бирдиктүү салык декларациясын тапшыруудан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык чендери менен базарларда соода жана фермердик чарба менен алектенген жеке ишкерлер, патент менен иштеген жарандар, өзгөчө режими бар соода аймактарында иштегендер жана юридикалык жак түзбөстөн иш алып барган дыйкан чарбалары декларация тапшыруудан бошотулат.
"Бул өзгөртүүлөрдүн максаты —административдик жүктү азайтууга, жарандардын салык системасына болгон ишенимин жогорулатууга жана мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Өзгөрүүлөр Салык кодексине киргизилет", - деп айтылат маалыматта.