akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-23-09, 10:50

    Бишкекте 6,5 миңден ашык абонент электр энергиясы жок калышы мүмкүн

    Бишкекте 6,5 миңден ашык абонент карыздары үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн.

    Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүүлөр бүгүн, 23-сентябрдан тарта жүргүзүлөт.

    Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга карыздарын тез арада жабуу сунушталат. Төлөмдөр терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу кабыл алынат.