akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-13-09, 14:30

    Бишкекте 75 орундуу Балдар жүрөк хирургия бөлүмүнүн курулушу башталды

    Бүгүн Бишкектеги Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун базасында Балдар жүрөк хирургия бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.

    Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бөлүмдө жүрөк оорусуна чалдыккан балдар дарыланат жана хирургиялык операциялар жасалат.

    Беш кабаттуу бөлүм 75 орунга ылайыкталат. Анын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат. Долбоордун жалпы суммасы 375 млн сомду түзөт.

    Бөлүм 2025-жылдын март айында пайдаланууга берилет.


    Тектеш материалды окуу