Жарыяланган
2025-07-02, 14:40Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууда. Программа Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашат.
Бюджети 50 миллион долларды түзгөн долбоор 2030-жылга чейин созулат.
Иштин жүрүшүндө булганууга мониторинг жүргүзүү, анализдөө жана контролдоо боюнча заманбап система түзүлөт.
Ошондой эле үйлөрдү таза жылытууга арзан технологияларды киргизүү, Бишкектин жашыл тилкесин түзүү, ирригациялык системаны модернизациялоо жана жаңы көчөттөрдү отургузуу пландалууда. Мунун баары абанын сапатын жакшыртат жана зыяндуу булганычтарды азайтат деп күтүлүүдө.