Жарыяланган
2024-03-12, 11:42Бишкекте саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкка багытталган кыргыз-герман бизнес форуму өтүүдө.
Иш-чарага Соода-өнөр жай палатасы жана Германиянын алдыңкы алты компаниясынын өкүлдөрү катышууда.
Форум Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын модернизациялоого көмөктөшүүгө кызыкдар немис компаниялары менен байланыш түзүү максатын көздөйт.
Белгилеп кетсек, Кыргызстан медициналык жабдууларды жана технологияларды Германиядан импорттоп келет.