akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-11-07, 09:00

    Бишкекте самокаттан жабыркагандар да, аны жактырбагандар да көбөйдү

    Расмий статистикага ылайык, жыл башынан бери велосипед, самокат, скутер айдаган жарандардын катышуусунда 179 жол кырсыгы катталып, 192 адам жаракат алган, 4 адам каза болгон. “Акчабар” электросамокаттарды айдоодо эмнеге көңүл буруу керектигин, анын коопсуздук маселеси боюнча тиешелүү мекемелерге кайрылды.

    Электрондук чыгырыктар мурун көңүл ачуу максатында колдонулса, учурда транспорттун бир түрүнө айланды. Анткени жол тыгыны учурунда бир жерден экинчи жерге жетүүнү жеңилдетип, баасы да арзан. Мындан улам, акыркы жылдары бул транспорт каражатын колдонгондордун саны өсүүдө. Мындай индивидуалдуу транспорт каражатын ижарага берген компаниялар да көбөйдү.

    Бирок, самокат айдагандар тротуардагы жөө жүргөн жарандарды, наристелерди же улгайган карыяларды жөөлөп, коюп кеткен, унаа менен сүзүшкөн учурлар болуп жаткандыгын буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары жазышкан.

    Белгилеп кетсек, Бишкек шаарынын Кайгуул-күзөт кызматы 1-июлда самокатты ижарага берген фирмалардын (кикшеринг) жетекчилери менен жолугушкан.

    “Ушул жылдын 29-июнунда Кыргызстанда "Жол кыймылы жөнүндө" жаңы мыйзам күчүнө кирди. Бир топ эрежелер киргизилди. Жеке мобилдүү транспорт каражаттарын ижарага берүүдө эрежелер сакталышы керек. Ал жерде өзүнүн инструкциялары бар. Ошол инструкциялар да толукталып, ижарага алган жарандар таанышып, ошол эрежелерди так сакташы керек. Анткени, көчөдө жүргөндө жөө жүргүнчүлөрдү да сүзүп кеткен учурлар катталып жатат”, - деп билдирди Милициянын Кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Исаев.

    Ал эми Бишкектеги Клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Илимбек Манапов 2024-жылдын июль айында июнга салыштырмалуу самокаттан жабыркап кайрылгандардын саны өскөнүн айтты.

    “Июль айынын 8 күнүндө эле самокаттан жабыркап 29 адам кайрылды. Аны тээп бара жаткан адам өзү да жыгылат, жөө жүргүнчүлөрдү да сүзгөн учурлар болууда. Андан тышкары унаа менен сүзүшкөн учурлар да катталууда. Биринчи кезекте кырсык болсо баш, андан кийин кол-бут сөөктөр жабыркайт”, - деди трамватолог Манапов.

    Анын айтымында, июль айында ооруканага жаткандардын арасында өтө оор абалдагы бейтап болгон эмес. Көбүнө амбулатордук жардам көрсөтүп, үйүнө жөнөтүлгөн. Бирок, дарыгер 8 күндө 29 адам өтө көп экендигин белгиледи. 

    Кайгуул-күзөт кызматы билдиргендей, самокат айдагандар унаа жүргөн жолдо айдоочулар менен жол талашса 1000 сом айып пул салынат. Ошондой эле, түндө самокат айдагандар алыстан байкоого мүмкүн болгон жарыкты чагылдыруучу элементтери бар кийимдерди кийиши керек. Баштарына атайын коргоочу каска, тизелерине коргоочу атайын кийимдерди кийиши зарыл.

    “Самокатты ижарага берген компаниялар менен жолугушууда аны айдаган адам куласа да башы жарылбашы үчүн көптөгөн сунуштарды айттык. Ага биз 1 ай убакыт бердик. Эгер ушул убакыт аралыгында аталган сунуштар аткарылбаса, 16 жаштан төмөнкү жаштагы өспүрүмдөргө самокатты ижарага бере турган болсо, биз сөзсүз түрдө ижара берүүчүгө айып салабыз. Бүгүнкү күндө самокаттардын эң жогорку заводдон чыккан ылдамдыгы 60 км/саатка ыңгайлашкан. Биз эки жыл мурун 35 км/саатка түшүргөнбүз. Бүгүнкү күндө жол кырсыктарын алдын-алуу максатында биз ылдамдыкты 25 км/саатка түшүрүүнү талап кылуудабыз”, - деп билдирди Кайгуул-күзөт кызматынан.

    Ошондой эле, кырсык болсо самокатты ижарага берген компания да жоопкерчилик тартат. Бул учурда самокаттын техникалык коопсуздугу, айдоочунун алкоголь ичип-ичпегендиги ж.б текшерилет. 

    Кошумчалай кетсек, коңшу Казакстандын расмий мекемелери самокаттын катышуусунда жол кырсыгы көбөйүп, бул тынчсызданууну жаратып жатканын билдирген.

    “Жыл башынан бери самокат жана мопеддердин катышуусунда 463 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 500 адам жаракат алып, 7 адам каза болду. 68 учурда эки дөңгөлөктүү унааларды балдар айдаган, - деп айтылат Казакстандын ИИМинин маалыматында.

    Адистердин айтымында, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугу үчүн алгач коомдо электросамокатты колдонуу маданиятын калыптандыруу, самокат колдонгондордун жол кыймылы эрежелерин билүүсү жана калаадагы инфраструктураны өнүктүрүү зарыл.

    Жанара Каденова