Жарыяланган
2025-07-02, 16:55Бишкектеги автобекеттерде билеттерди алдын ала брондоо жана сатып алуу системасы ишке кирди.
Муниципалитеттен кабарлашкандай, бул система эл аралык жана шаар аралык каттамдар үчүн билеттерди tezket.kg расмий сайтынан 10 күн мурун брондоого мүмкүнчүлүк берет.
Сайт аркылуу маршрутту, кетүү күнүн жана жүргүнчүлөрдүн санын көрүүгө болот. Маршрут тандалгандан кийин анкета толтурулуп, билет үчүн төлөм жүргүзүлөт.