akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-03-10, 16:00

    Бишкектеги эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы алынды

    Улуттук банк Бишкектеги эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту.

    Алар Кыргызстандын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу 3-октябрдан тарта 17-октябрга чейин ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт. Мындай чечим төмөнкү акча алмаштыруучу жайларга тиешелүү:

    Бишкек шаары, Чуй проспекти, 100-үй, № 1 дареги боюнча жайгашкан "ЭЛКАЗЫНА кейджи" алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 16-мартындагы №6491 лицензиясы;

    Бишкек шаары, Москва көчөсү, 71-үй дареги боюнча жайгашкан "Голд и ко плюс" алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 16-октябрындагы №6604 лицензиясы.

    Ошондой эле, 2-октябрдан тартып Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 №6 дареги боюнча жайгашкан "Мурас и Ко" алмашуу бюросу ЖЧКнын нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 21-октябрындагы № 6380 лицензиясы кайтарылып алынды.


    Тектеш материалды окуу