Жарыяланган
2025-29-01, 15:15Бишкектеги СИЗО-1 Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кемел Садыков билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда курулуш түшө турган жер тилкеси аныкталып, даярдоо иштери жүрүп жатат.
Белгиленгендей, курулуш иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү пландалууда.