Жарыяланган
2021-04-10, 03:01Венада Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Рихард Шенцтин жолугушуусу өттү. Анда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын пайдаланылбай жаткан олуттуу потенциалын жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында иштерди улантуунун маанилүүлүгүн жана эки өлкөнүн бизнес миссияларынын өз ара визиттерин белгилеп, бул ишти 2022-жылы ишке ашыруу пландарын белгилешти.
Казакбаев Австриянын бизнес делегациясын 5-ноябрда Бишкекте өтө турган ЕБ-БA биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Бул иш-чаранын алкагында эки тараптуу кыргыз-австрия бизнес форумун өткөрүү мерчемделүүдө.
Ричард Шенц, өз кезегинде, австриялык тарап аталган форумду ткөрүүнү колдой турганын билдирди жана ага Австриянын бизнес делегациясынын катышуусун ырастады.