Жарыяланган
2025-30-04, 12:22Чакан жана орто бизнести жана экспорттук/импорттук соода операцияларын каржылоодо камсыздандыруу инструменттерин колдонуу: негизги аспектилер, «Элдик Банк», Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жана Дордой Камсыздандыруу ортосундагы өнөктөштүк.
Бишкек шаарында «Ишкерлер үчүн жаңы горизонттар: өнүгүү жана каржылоо» бизнес—форуму болуп өттү — бул Кыргызстандын бизнес жана каржы чөйрөсү үчүн негизги окуялардын бири. Иш—чара Кыргыз Республикасынын Соода—өнөр жай палатасынын колдоосу менен «Элдик Банк» ААК, «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК жана «Дордой Камсыздандыруу» ЖАК биргелешип уюштурулду.
Форумдун алкагында экспорттук кредиттерди жана факторингди камсыздандыруу боюнча маанилүү келишимдерге кол коюлду:
— «Элдик Банк» ААК менен «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК ортосунда экспорттук жана импорттук кредиттерди камсыздандыруу жана соода операцияларын коштоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу боолду. Бул документ ишкерлердин финансылык жактан корголушун жакшыртат жана тышкы рынокторго чыгуусун жеңилдетет;
— «Элдик Банк» ААК менен «Дордой Камсыздандыруу» ЖАК ортосунда чакан жана орто бизнес үчүн соода операцияларын каржылоо жана камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу болду. Кызматташтыктын алкагында тараптар жеткиликтүү жана натыйжалуу кредиттик жана камсыздандыруу чечимдерин түзүүнү пландаштырууда.
Кол коюлган макулдашуулар Кыргызстандын соода жана өндүрүштүк чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди азайтууга, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана экономикалык активдүүлүктү стимулдаштырууга багытталган.
Форумдун негизги темалары:
— Каржылоого жана инновациялык финансылык инструменттерге жетүү;
— Экспорттук—импорттук операцияларды камсыздандыруу механизмдери;
— D.Business платформасынын бет ачары - жаңы санариптик клуб жана ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн алкагы.
Форумда негизинен Элдияр Калдарбеков (МКУ), Акылбек Турдалиев (Элдик Банк) жана Бакай Акматов («Дордой Камсыздандыруу» ЖАК) сөз сүйлөшүп, жаңы өнөктөштүк демилгелерине жана финансылык-камсыздандыруу продукттары тууралуу маселеге кеңири токтолушту.
Форум макулдашууларга кол коюу, жаңы бизнес—байланыштарды түзүү жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн платформалар тууралуу маалымдоо менен соңуна чыкты.
Улуттук банктын №033-лицензиясы