akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-03-05, 04:00

    Борбор Азияда бензиндин арзандыгы боюнча Түркмөнстан алдыда

    Борбор Азияда Түркмөнстанда бензиндин баасы эң арзан. Бул тууралуу Global Petrol Prices жазды. 

    Дүйнөдө бензиндин орточо чекене бааcынын литри 1,35 долларды түзөт.

    Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң арзан бензин Түркмөнстанда – литри 0,428 доллар. Автоунаа күйүүчү майдын баасы боюнча дүйнөлүк рейтингде өлкө 7-орунда турат.

    • Казакстан - 12-орун, литри 0,551 доллар.
    • Кыргызстан - 22-орун, литри 0,813 доллар.
    • Өзбекстан - 33-орун, литри 1009 доллар.

    Тажикстан рейтингге кирген жок. Тажик ММКлары билдиргендей, өлкөдө бензиндин орточо чекене баасы литрине 0,99 долларды түзөт.