Жарыяланган
2025-21-01, 12:15"Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамы берилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Маалыматка ылайык, мындай статус ботаникалык бактын Бишкектин Ахунбаев жана Горький көчөсүндөгү жер тилкелерине, ошондой эле Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү жер тилкесине берилди.
Улуттук илимдер академиясына караштуу бул жерлер мурда "калктуу конуштардын жерлери” категориясында болгон.