Жарыяланган
2025-09-04, 15:02Нарындагы Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, №3 гидроагрегатты демонтаждоо иштери 91%га аткарылды.
Аталган жабдыкты реконструкциялоо иштери ноябрь айына чейин бүткөрүлүп, ишке берилет деп пландалууда.
Гидроагрегаттын кубаттуулугу азыр 45 МВт болсо, модернизациядан кийин ал 54 МВт’ты түзүп калат.
Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы салынган. Былтыр анын №3 гидроагрегаты жаңыланган.