akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-27-05, 03:46

    Үч мамлекеттик ооруканага кошумча 108 млн сом бөлүндү

    Бир катар саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чындоого каражат бөлүндү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

    Атап айтканда, республикалык бюджеттен кошумча каражаттар берилет. Каражат төмөнкү медициналык жайларга тапшырылат:

    • Талас медициналык колледжинин жылуулук системасын оңдоого 5 млн сом;
    • Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына лифттерди, медициналык жабдууларды сатып алууга жана соматикалык имарат курууга 70 млн сом;
    • Улуттук хирургиялык борборуна медициналык жабдууларды сатып алуу жана операциялык жана реанимация бөлүмүн капиталдык оңдоого – 33 млн сом.