akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-10-02, 18:09

    MCN coin'ге акчасын алдаткан 900дөй кишиге 1 млн 700 миң доллар төлөп берилди

    MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалагынын кызматкери Данияр Закиров “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

    Ал MCN coin'ге каражат салып кайра ала албай калган адамдар дагы деле арыз берип, алар териштирилип жатканын кошумчалады.

    “Ички иштер министрлиги бул боюнча 2024-жылы 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") 3-бөлүгү менен иш козгогон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Материалдар Бишкек шаарынын эки райондук милициясында каралууда”, - деди ал.

    Эске салсак, Кыргызстанда MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам камалды. 


    Тектеш материалды окуу