akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    arrow right
    arrow right
    Сүрөт алынган жер: MEGA

    Жарыяланган

    2024-09-10, 12:27

    7 миллион долларга жыштыктар: MEGA мамлекеттик оператору электрондук аукциондо утуп алды

    Бүгүн, 2024-жылдын 9-октябрында мамлекеттик порталында радиожыштык спектрин сатуу боюнча электрондук аукцион болуп өттү, ага үч уюлдук операторлор катышты. MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору LTE (4G) радиожыштыгына онлайн-аукциондо эң жогорку баа сунуштап, жеӊүүчү деп табылды жана 20 МГц өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен 2540 МГц (кабыл алуу) жана 2660 МГц (берүү) диапазонундагы баалуу жыштыктын ээси болот.

    Аукциондук тооруктун жыйынтыгы боюнча компания жыштыкка эң жогорку бааны - 600 915 000 сом (7 миллион АКШ долларынан ашык) сунуштады, бул өз кезегинде түздөн түз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине түшөт.

    Бул олуттуу жетишкендик мамлекеттик компанияга жакынкы келечекте мобилдик интернеттин LTE (4G) ылдамдыгын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Кең тилкелүү кирүү системалары үчүн радиожыштыктарды алуу – MEGA үчүн жөн гана стратегиялык жетишкендик эмес, бул, өлкөнүн санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүнүн кезектеги этабы болуп саналат. MEGA мобилдик оператору Кыргызстандын бардык аймактарында антенналардын (базалык станциялардын) курулушун көбөйтүүнү пландоодо. Миллиондогон абоненттер мобилдик интернеттин жана байланыштын сапатынын олуттуу жакшырганын сезишет. Кошумчалай кетсек, уюлдук операторлор үчүн радиожыштыктарды электрондук аукцион аркылуу сатуу мамлекеттик бюджетти түз толтуруу менен бирге, жалпы эле Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот.

    MEGAнын өкүлдөрү миллиондогон абоненттерине күнүмдүк байланыш кызматтарын колдонгону жана компаниянын эбегейсиз өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. 

    «Бизге ийгиликке жетүүгө жардам берген бардык абоненттерибизге, алардын ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. MEGA мамлекеттик оператору мобилдик интернетти, үн кызматтарын өркүндөтүү жана ар бир абоненттин керектөөсүн канааттандырууга багытталган кызыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу боюнча иштерди улантат», — деп белгиледи уюлдук байланыш операторунан.
     


    Тектеш материалды окуу

    • 7 миллион долларга жыштыктар: MEGA мамлекеттик оператору электрондук аукциондо утуп алды
      Бүгүн, 2024-жылдын 9-окябрында www.auction.nas.gov.kg мамлекеттик порталында радиожыштык спектрин сатуу боюнча электрондук аукцион болуп өттү, ага үч уюлдук операторлор катышты. MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору LTE (4G) радиожыштыгына онлайн-аукциондо эң жогорку баа сунуштап, жеӊүүчү деп табылды жана 20 МГц өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен 2540 МГц (кабыл алуу) жана 2660 МГц (берүү) диапазонундагы баалуу жыштыктын ээси болот.
      2024-09-10 06:27:48