akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-13-02, 11:13

    Чүй облусунда жети миң акылдуу эсептегич орнотулду

    Аламүдүн, Сокулук райондорунда 7 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу “Улуттук электр тармактары” компаниясынан билдиришти. 

    Учурга карата Чүй облусунда заманбап жабдуу менен жалпысынан 74 миң абонент камсыздалды.

    Мындай эсептегичтер автоматтык түрдө көрсөткүчтү бөлүштүрүүчү компаниянын серверине жөнөтүп, электр жабдууларындагы ашыра жүктөлгөндүктү азайтууга шарт түзөт.

    Ошондой эле, абонеттердин карыздары үчүн аралыктан өчүрүү мүмкүн болот.