akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернет

    Жарыяланган

    2024-24-10, 11:02

    Дем берүүчү гранттардын эсебинен Ош облусуна 122,9 млн сом жумшалды

    2024-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Ош облусу боюнча 122,9 млн сом суммасында 79 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

    Тактап айтканда, Кара-Кулжа районунун 12  объектисине 24,1 млн сом, Араван району- 7  объектиге 10,5 млн сом, Кара-Суу району - 15 объектиге 21,7 млн сом, Ноокат району – 15  объектиге 15,5 млн сом, Алай району - 4 объектиге 8,8 млн сом, Өзгөн району – 20 объектиге 32,6 млн сом, Чоң-Алай району - 6 объектиге 9,7 млн сом бөлүндү.

    Анын ичинен 24 мектепке – 37,2 млн сом, 30 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 45,0  млн сом, 8 спорттук курулуштарга – 13,9 млн сом, 3  маданий маанидеги объектилерге – 3,5 млн сом, 14 бала бакчага – 23,3 млн сом каржыланды. 
     


    Тектеш материалды окуу