akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-09-04, 17:42

    Депутат: Жеке лабораторияларда анализ тапшыруунун баалары өтө кымбат

    Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медербек Алиев жеке лабораториялардагы анализ тапшыруунун бааларынын өтө кымбаттыгы боюнча маселе көтөрдү. 

    Депутаттын айтымында, анализдердин кымбаттыгы боюнча ага жарандар, айрыкча Бишкек шаарынын тургундары кайрылууда. 

    "Албетте, медицина тармагы - менчик лабораториялар үчүн бизнес. Бул маселени Монополияга каршы агенттик өлкө мыйзамдарына ылайык карап чыгышы керек. Себеби анализдердин кымбат болгону жөнөкөй жарандар үчүн оор болууда", - деди ал.


    Тектеш материалды окуу