Жарыяланган
2025-14-03, 15:41Президент Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду.
Ага ылайык, парламент депутаттарына кызматтык унаа берүү тартибин Министрлер кабинети аныктайт. Ал эми унааны пайдалануу тартиби парламенттин ички жобосу менен жөнгө салынат.
Мурдагы тартипке ылайык, I топтогу майыптыгы бар депутаттарга гана Кыргызстан аймагында иш сапарлары үчүн кызматтык автоунаа берилчү.
Белгилеп кетсек, мурдагы чакырылыштын депутаттары кызматтык унаа алуудан толук баш тарткан.