akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-28-03, 04:29

    Доллар менен рубль кунун жоготууда. 28-мартка Улуттук банктын курсу

    Улуттук банк 27-мартка карата валюта курсун жаңылады, бул бүгүн 28-мартка да тиешелүү. Ага ылайык, доллар 0,62%га жана евро 0,89%га арзандады.

    Доллардын баасы 94,6485 сомду, евро 103,9524 сомду түздү. Сомго карата эң көп рубль 1,82%га төмөндөп, 0,9427 сомду түздү. Ал эми теңге 0,67%га алсызданып, 0,1915 сомду түздү.

    Кошумчалай кетсек, коммерциялык банктар долларды элден 89-90 сомдон сатып алып, кайра 92 сомдон сатууда.