akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Doscredobank

    Жарыяланган

    2023-10-02, 09:56

    «Дос-Кредобанк» Түркиядагы жабыркагандарга жардам көрсөттү

    “Дос-Кредобанк” Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга каржылай колдоо көрсөтүү үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин атайын эсебине 1 миллион сом каражат которду. 

    Мындан тышкары, банк Түркияга жөнөтүү үчүн телефон кубаттоочу каражаттарды жана жууркандарды гуманитардык жардам катары тапшырды. 

    “Дос-Кредобанк” бул кайгылуу окуяда жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабырлануучуларга сабыр жана эртерээк сакайып кетишин тилейт. Ар бир адамдын өмүрүн жана ден соолугун тилейбиз!” - деп айтылат маалыматта. 

    Эске салсак, 6-февралда Түркиянын бир нече аймагында эки жолу жер титирөө катталган. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги гуманитардык жардам чогултулганын билдирди.