akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-30-08, 08:07

    Кыргыз фондулук биржасында эки банк 3,5 млн сомдук облигацияларын сатты

    29-августта Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында  “Дос-Кредобанк” менен “Бакай Банк” облигацияларын сатты.  

    Тактап айтканда, биржанын экинчи рыногунда “Дос-Кредобанктын” 175 миң жашыл облигациялары сатылды. Баалуу кагаздын ар бири 1 миң сомго бааланган.  

    Мындан тышкары, “Бакай Банк” облигацияларды жайгаштыруу боюнча биринчилик рынокто ири операция жүргүзгөн. Ал 1 миң сомдук номиналдуу 3,3 миң баалуу кагазды жайгаштырган. Натыйжада банк 3,3 млн сом пайда тапты. 

    Кошумчалай кетсек, ошол эле күнү дагы эки компания облигацияларын биржага жайгаштырган. Атап айтканда, “Строй дом. КГ” 7 миң сомго жана “ИнвесКор СА” микрофинансылык компаниясы 60 миң сомго облигацияларын жайгаштырды.


    Тектеш материалды окуу