akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-18-04, 17:22

    Эми эмгек келишимин электрондук түрдө түзүүгө болот

    Жаңы Эмгек кодексине ылайык, эмгек келишимди кагаз гана эмес, электрондук түрдө да түзүүгө болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

    Жаңы кодекс боюнча, эмгек китепчелерин кагаз түрүндө да, электрондук форматта да толтурууга мүмкүн. 

    "Мындан тышкары, иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек келишиминде аралыктан иштөө (үйдөн) же айкалыштырып аралыктан иштөө (кээде кеңседе, кээде алыстан) белгилениши мүмкүн. Эми кызматкерлер аралыктан эле эмес, жарым-жартылай иш менен офисте толук эмес иштей алышат", - деп билдирет министрлик. 

    Ошондой эле жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды оор, кооптуу же зыяндуу жумуштарга, ошондой эле жер астындагы жумуштарга (санитардык же үй чарбасы сыяктуу жеңил жумуштардан тышкары) тартууга тыюу салынат. Аларга уруксат берилген чектен ашкан салмакты көтөрүүгө уруксат берилбейт.


    Тектеш материалды окуу