akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-29-04, 14:39

    Эми Кыргызстанда көп кабат үйдүн биринчи кабатында мектеп жана бала бакча ачууга болот

    Кыргызстанда көп кабат үйлөрдүн биринчи кабатында жеке бала бакча жана мектеп ачууга уруксат берилди. Тиешелүү буйрукка курулуш министри Нурдан Орунтаев кол койду.  

    Орунтаевдин айтымында, бул чечим менен бала бакча жана мектептердин жетишсиздиги сыяктуу маселелерди чечүүгө, бул тармактагы ишкерчиликтин өнүгүшүнө шарт түзүлөт. 

    Ал көп кабат үйлөрдүн коопсуздугунан кам саноонун кереги жок экенин билдирди. Ал азыркы тапта курулуш нормаларына катуу талаптар коюлуп жатканын, бардык объектилер тиешелүү экспертизадан өтөрүн айтты. 

    Орунтаевдин пикири боюнча көп кабат үйлөрдө оюн аянтчаларына байланыштуу маселе жаралбайт. Себеби азыр бардык көп кабат турак жайларда оюн аянтчалары бар болгондуктан, жеткинчектер ошол жерге барып ойной алшат. 

    Сөзүн улай ал мамлекет муктаждыкка жараша мектеп жана бала бакча курууну уланта берерин, ал кол койгон буйрук жеке бала бакча, мектеп ачууну каалаган ишкерлерге жана балдарын акы төлөп окуткусу келген жарандарга тиешелүү экенин билдирди. 


    Тектеш материалды окуу