akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернет

    Жарыяланган

    2024-24-10, 18:28

    Эми сом менен онлайн акча которууда комиссия төлөнбөйт

    Улуттук банк мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу өлкө ичинде улуттук валютадагы акча которуулар үчүн комиссиялык төлөмдү алып салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

    Мындай чара калк үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана накталай эмес төлөмдөрдү стимулдаштырууга багытталган.

    Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына токтом күчүнө кирген учурдан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин мындай которуулар үчүн жеке жактардан комиссиялык төлөмдөрдү алууга тыюу салынат. Мындай чечим Кыргызстандын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.

    Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Улуттук банк бардык кызыкдар тараптарды, анын ичинде коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана тармактык ассоциацияларга кабарлайт. Токтомдун аткарылышын контролдоо Улуттук банк Башкармасынын төлөм системаларына көзөмөл жүргүзүү үчүн жооптуу мүчөсүнө жүктөлдү. 
     


    Тектеш материалды окуу