Жарыяланган
2024-28-09, 11:10Эртең Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат. Мэриядан билдиришкендей, 29-сентябрда кайрымдуулук жарым марафону өтөт жана ага 4,5 миңден ашык адам катышат.
Спорттук иш-чара Ала-Тоо аянтында башталып, катышуучулар борбордук көчөлөр аркылуу чуркайт.
Буга байланыштуу, таңкы саат 6дан тарта Чүй, Айтматов проспектилери, Абдрахманов, Масалиев, Иманалиев көчөлөрү тосулат.