akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-15-10, 10:55

    Эски үлгүдөгү доллар жүгүртүүдөн алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

    Улуттук банк эски үлгүдөгү доллар жүгүртүүдөн алынганы тууралуу маалыматты четке какты.

    Өлкөнүн башкы каржы мекемеси тарабынан “ак” доллар колдонуудан чыгарылды, буга байланыштуу коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлар бул валютаны кабыл албайт деген маалымат тарап, жарандардан кайрылуулар түшкөн.

    Белгиленгендей, Улуттук банк башка өлкөлөрдүн валюталарын, анын ичинде АКШ долларларын жүгүртүүдөн алууга укугу жок. 

    Эске салсак, 1996-2006-жылдары чыгарылган валюта эл арасында "ак" доллар деп аталат.

    "Эгерде сиз валютаны алмаштыруудан негизсиз баш тартууга туш болсоңуз, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын алкагында тиешелүү чараларды көрүү үчүн Улуттук банкка жазуу жүзүндө кайрылсаңыз болот", - деп айтылат маалыматта.


    Тектеш материалды окуу