Жарыяланган
2024-22-01, 11:54“Евразиялык сактык банкы” ААКнын баалуу кагаздарын кармоочулардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Тактап айтканда, банк расмий түрдө Санариптик өнүктүрүү министрлигинен Улуттук инвестициялык агенттиктин балансына өттү.
2022-жылдын 21-декабрынан тарта 19 млн 516 миң 734 акция болду, бул акциянын 60,95%ы учурда Улуттук инвестиция агенттигине таандык болуп саналат.