Жарыяланган
2019-17-06, 03:30«Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоорунун алкагында 4,3 млрд сомго 9 306 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтары боюнча, 2019-жылдын 7-июнуна карата «Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 4 млрд 294,7 млн сомго 9 306 жеңилдетилген насыя берилди. Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 956,1 млн сомго 2 528 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка – 2 млрд 532,4 млн сомго 6 555 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө – 806,2 млн сомго 223 жеңилдетилген насыя берилди.
Долбоордун алкагында 2019-жылдын ичинде коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилет.