Жарыяланган
2024-06-12, 17:32УКМКнын бир нече саатка созулган сурагынан кийин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов кармалды.
Ал УКМКга акциздик товарларды жеткирүүдөгү мыйзам бузууларды жашыруу боюнча козголгон коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында чакырылган. Буга чейин бул иш боюнча Салык кызматынын бир нече кызматкери, анын ичинде мекеме жетекчисинин орун басары Исламбек Кыдыргычев да кармалган.
Эске салсак, буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев салык кызматынын кызматкерлери тарабынан акциздик товарларды алып келүү учурунда уюштурулган ири коррупциялык схеманын бети ачылганын билдирген. Ташиевдин айтымында, мамлекетке 3,2 миллиард сом зыян келтирилген.