Жарыяланган
2023-18-01, 07:26“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жаңы жетекчиси болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалды. Бул тууралуу "Акчабарга" министрлер кабинетиндеги жана "Бишкек" ЭЭАдагы өздүк булактар билдирди.
Алынган маалыматка караганда, Кудрет Тайчабаров "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчилигин бир күн мурун өткөрүп берген. Тайчабаровдун кызматтан кетиши жана Шыкмаматовдун дайындалышы боюнча азырынча расмий маалымат жок.