Жарыяланган
2024-01-10, 13:56Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын каржылык жоготууларына тынчсыздануусун билдирди. Ал белгилегендей, банкка каражат жылына 14% менен бөлүнсө, банк 6% менен насыя берип, 8% жоготууга учурап жатат.
Талкууда депутат Эсеп палатасы эмне үчүн бул жагдайга көңүл бурбай жатканын да сурады. Эсеп палатасынын аудитору Вадим Садовников 2023-жылы банк бир гана “Шоро” компаниясына жылдык 6% менен 200 миллион сом насыя бергенин, калган каражат баалуу кагаздарга салынганын айтты.
Каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 6% менен берилип жаткан насыялар бизнести колдоого багытталганын, бул мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү экенин кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылы бюджет 10,8 миллиард сом өлчөмүндө салыктык эмес кирешелерди жоготууга учураган. Бул "Альфа Телеком" ЖАКтын 100% мамлекеттик үлүшүн сатып алуу үчүн "Мамлекеттик өнүгүү банкы" ААК тарабынан бөлүп төлөө планына жана 1 млрд сом өлчөмүндөгү 7% комиссиялык жыйымды жокко чыгаруусуна байланыштуу болгон.