akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    arrow right
    arrow right
    Сүрөт алынган жер: Элдик Банк

    Жарыяланган

    2024-05-09, 15:30

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкы «Элдик Банкка» жашыл насыя жана лизинг үчүн каражат бөлөт

    «Элдик Банк» ААК жана «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту, ага ылайык Мамлекеттик банк жашыл кредиттерге жана лизингге каражат бөлөт.

    Бул өнөктөштүктүн алкагында Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Элдик банкка 200 миллион сом бөлөт. Анын 100 миллион сому лизингди каржылоого, калган 100 миллион сому “жашыл” долбоорлорду колдоого жумшалат. 

    “Өнөктөш банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар (ФКУ) аркылуу долбоорлорду “жашыл” критерийлерге ылайык максаттуу каржылоо” программасы климатты жана курчап турган чөйрөнү жакшыртууга багытталган “жашыл” кредиттерди төмөндөгү шарттарда берүүнү карайт:
    •    пайыздык чен: жылдык 11% 
    •    мөөнөтү: 5 жылга чейин
    •    кредиттин суммасы: 5 миллион сомдон  150 000 миллион сомго чейин.

    «Өнөктөш банктар, ФКФ жана башка ФКУ аркылуу лизинг» программасынын алкагында Банк төмөндөгү шарттарда айыл чарба/атайын техниканын бардык түрлөрүн, транспорттук каражаттардын жана жабдуулардын бардык түрлөрүн лизингге сатып алууга каражаттарды берет:
    •    пайыздык чен: жылдык 11-12%
    •    мөөнөтү: 5жылга чейин
    •    кредиттин суммасы: 3 миллион сомдон 150 000 миллион сомго чейин.

    Ошентип, эки компаниянын кызматташтыгынын аркасында кыргызстандыктар алгылыктуу пайыздык чен менен жеткиликтүү каражат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

    Элдик Банк туруктуу өнүгүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгилей кетебиз. Бул көмүртектин нейтралдуулугун камсыз кылууга, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга, гендердик продукттарды колдоого жана энергиянын кайра иштеп чыгуучу булактарын негиздөөгө, айлана-чөйрөнү сактоого жана башка көптөгөн климаттык программаларга багытталган долбоорлорду колдоону жана каржылоону камтыйт.

    ESG-стратегиясынын алкагында Банк айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу, ошондой эле, аялдардын ишкердигин колдоого багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууда.

    «Ишкер-айым» социалдык гендердик продукту – аялдар негизги акционери (50%дан ашыгы) же аткаруу органынын мүчөлөрү болгон ишкер аялдар жана уюмдар үчүн. Бул программанын алкагында 467 658 миң сомго 295 кредит берилген.

    «Газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо» мамлекеттик программасы калктын катуу отундан жаратылыш газына өтүүсүнө жана ошону менен абанын булганышын азайтууга жана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Долбоордун алкагында жалпы суммасы 6624 миң сомго 55 кредит берилген.


    Тектеш материалды окуу