akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-04-09, 14:08

    Эртеңден тарта алтын куймаларын «Кыргызалтындан» сатып алууга болот

    5-сентябрдан тарта “Кыргызалтын” ишканасы алтын куймаларын саткан дүкөнүн ачат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

    Дүкөндөн ар бир жаран ар кандай салмактагы алтын куймаларын сатып ала алат.

    Эске салсак, буга чейин алтын куймаларын сатып алуу Улуттук банктын кассасы аркылуу гана мүмкүн болчу.

    Кошумчалай кетсек, алтын куймаларын эркин сатууга уруксат берген президент Садыр Жапаровдун буйругу чыккан.
     


    Тектеш материалды окуу