Жарыяланган
2024-18-11, 15:51Бакай Банк заманбап, ыңгайлуу кызматтарды көрсөтүү менен ар дайым сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз болууга умтулат.
Биздин сервистер мурдагыдан да жакшы болуп, жогорку стандарттарга дал келиши үчүн 2024-жылдын 19-ноябрында саат 20:00дөн 20-ноябрь күндүн аягына чейин пландалган техникалык иштерди жүргүзөбүз.
Бакай Банк сиздердин банк менен түзгөн алакаңыздарды мурдагыдан да ыңгайлуу кылуу үчүн кызматтарды жакшыртууну көздөөдө. Техникалык иштер жүргүзүлүп жатканда жогоруда көрсөтүлгөн убакыт аралыгында кээ бир операциялар убактылуу жеткиликсиз болот, анын ичинде:
* товар жана кызматтарга төлөм жүргүзүү, анын ичинде онлайн-төлөмдөр дагы;
* банкомат жана POS-терминалдардан акча накталоо;
* ELQR, телефон номер жана карта аркылуу акча которуулар;
* VISA/«Элкарт» карталарын чыгаруу;
* төлөм терминалдары, мобилдик тиркеме, электрондук капчык аркылуу эсептерди толуктоо жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү (анын ичинде BakAi/BakAi Business тиркемесиндеги карталык операциялар, карта жана жеке эсептерди толуктоо, депозиттерди толуктоо, насыя төлөө, ошондой эле Ислам Каржы Борборундагы каржылоолор).
Сиздин убактыңыз менен ыңгайлуулугуңуз сиз үчүн канчалык баалуу экенин билебиз. Жүргүзүлгөн иштер системабыздын ишенимдүүлүгүн арттыргандан тышкары каржылык операцияларды ыкчам жана ыңгайлуу аткарганга мүмкүнчүлүк берген жаңы функцияларды киргизүүгө шарт түзөт. Жаңылангандан соң өзүңүздөр күткөндөн да мыкты деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөргө күбө болосуздар.
Буга кантип даярдануу керек?
Маанилүү операцияларды алдын ала ишке ашырууну сунуштайбыз: каражаттарды накталап, төлөмдөрдү жүргүзүп, которуш керек болгон акчаны которуңуз. Мындай аракеттер ыңгайсыздыктардын жаралуусунун алдын алат.
Сизге ыңгайлуу кылуу – биздин башкы максатыбыз!
Кардарлардын ишеними ишенимдүүлүктөн, ачык-айкындуулуктан жараларын түшүнөбүз. Ошондуктан Бакай Банк сиздерге бардык мыкты кызматтарды көрсөтүү үчүн технологияга инвестиция кылууда. Ар бир кардар – биз үчүн маанилүү өнөктөш. Сиздер менен биргеликте жашооңуздарды оңой кыла турган экосистеманы түзөбүз жана бул максаттар бизден алыс эмес.