akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2024-12-08, 04:48

    Кыргызстанда инфляциянын төмөндөшү уланууда

    Улуттук банк өлкөдө 2023-жылы башталган инфляциянын төмөндөшү тууралуу билдирди.

    Өткөн жылдын аягында жылдык инфляция 7,3%ды түзгөн. 2024-жылдын башынан тартып төмөндөө тенденциясы уланып, июнь айына карата инфляциянын деңгээли жылдык мааниде 4,5%га чейин төмөндөгөн.

    Инфляциянын төмөндөшү ЕАЭБ өлкөлөрүндө жана Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүндө да белгиленген, бул республиканын экономикалык абалына оң таасирин тийгизген.