Жарыяланган
2024-10-10, 17:14Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү майрам катары аныкталган.
Бул күндөр бейшемби жана жумага туура келгендиктен аптасына беш күн иштеген кызматкерлер 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин дем алышат.