akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-13-02, 08:06

    Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган санариптик экосистеманы түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

    Негизги жетишкендиктердин бири болуп Эмгек рыногунун маалыматтык системасын – жумуш издеп жаткан жарандар, бош орундар, иш берүүчүлөр жана учурдагы кесиптик окуу курстары жөнүндө маалыматтарды камтыган республикалык маалымат базасын ишке киргизүү болду.

    "Система бош орундарга тез жетүүнү жана эмгек рыногундагы иштин ачыктыгын камсыз кылат жана маалымат порталына интеграцияланган. “Zanyatost.kg” https://zanyatost.kg/ порталы жарандарга жумуш издөөчү катары каттоого электрондук арыз берүүгө, бош орундар жана башка көптөгөн онлайн-кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта. 

    Ошондой эле Министрлик тарабынан "Электрондук эмгек биржасы" мобилдик тиркемеси, ошондой эле “zanyatost.kg” порталынын мобилдик версиясы түзүлүп, жумушка орноштуруу боюнча кызматтарды онлайн режиминде алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.