akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Элдик Банк

    Жарыяланган

    2024-30-09, 18:17

    «Ишкер24» тиркемесинде чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) үчүн бардык орчундуу салык кызматтары жеткиликтүү

    Азыркы учурда «Ишкер 24» мобилдүү тиркемесинде ишкерлер ЧОИ менен Мамлекеттик салык кызматынын ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн зарыл болгон бардык негизги салык кызматтарын пайдалана алышат. 

    Бизнеске жардам берүүдө акылдуу чечим аркылуу ЭЭФ (электрондук эсеп-фактура) жана ЭТТК (электрондук товар-транспорт коштомо кагазы) менен иштөө мүмкүнчүлүгүн кошумча ишке ашырылган. Бул тууралуу Элдик Банк Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев, «Ишкер» кызматташуунун долбоордук кеңсесинин жетекчиси Татьяна Шахин, «Ишкер» компаниясынын IT эксперти Азамат Долубаев жана «Альфа-Телеком» ЖАКтын Мобилдик каржылык тейлөө бөлүмүнүн башчысы жана «КыргызмобайлКомпани» ЖЧКсынын башкармалыгынын төрагасы Азамат Жамангулов пресс-брифингде айтып беришти. 

    Бизнес үчүн «Ишкер 24» алкагында ЭЭФ менен иштөөгө 2024-жылдын августунан бери эле мүмкүнчүлүк түзүлгөн. ЭТТК менен 2024-жылдын сентябрынан баштап иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө ЭТТК боюнча ишкерлер товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда аларга карата берилген ЭТТКны көрүү, ырастоо/жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Виртуалдык кампаларды түзүүгө, ошондой эле, ЭТТК катышуучулары (сатып алуучу, сатуучу), ташуу ыкмасы, товарлардын тизмеси, маркировка коддорунун тизмеси тууралуу толук маалыматты алууга болот. ЭТТК менен иштөө функциясы пилоттук режимде ишке ашырылып, анын алкагында колдонуучулардан кайтарым байланыштын негизинде жакшыртуу иштери пландаштырылганын белгилей кетебиз.

    Эскерте кетсек, Бул тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен өлкөдө салык реформасын жүргүзүүнүн алкагында ишке киргизилген. Ал кайтарым байланыштардын негизинде дайыма такталып жана кеңейтилип турат - сунуштарды чогултуу үчүн линиялар ачык. Бүгүнкү күндө ал чакан жана орто бизнес үчүн иштеп жатат, 2025-жылдан баштап ЖЧКлар үчүн пландар бар.  “Ишкер 24” МТ 2024-жылдын сентябрына карата – бул  бизнес үчүн зарыл болгон негизги салык кызматтарын толук көрсөтөт. Ошондой эле, ишкерлерге үйүнөн же кеңсесинен чыкпай эле бизнесин башкарууну жеңилдеткен кошумча каржы кызматтары иштеп жатат.

    Алардын ичинен банктык эсепти онлайн ачуу сыяктуу – «Элдик Банк» ААК бул шартты биринчилерден болуп рынокко алып чыкты. Ошондой эле QR аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу, банк картасын онлайн тартибинде алуу ж.б.

    2024-жылдын сентябрына карата салык кызматтарынын ишке ашырылган тармактары:

    Идентификациянын бирдиктүү системасы аркылуу аралыктан идентификациялоо жана тастыктоо;

    • Булут электрондук кол тамга аралыктан алуу;
    • Жеке ишкерлер үчүн банктык эсепти онлайн ачуу;
    • Банк картасын алууга заказды онлайн жайгаштыруу;
    • ElQR аркылуу төлөмдөрдү түзүү жана кабыл алуу;
    • GovFinTech санарип экосистемасы аркылуу онлайн котормолор;
    • Салык карыздарын текшерүү жана салыктарды төлөө;
    • ККМ онлайн каттоо;
    • ЭЭФ жана ЭТТК менен иштөө функциялары;
    • Салык отчетторун түзүү жана берүү;

    Эскерте кетсек, «Ишкер24» чакан бизнеске жаңы салык реалдуулугуна байланыштуу бухгалтерди жалдабоо мүмкүнчүлүгүн берет, анткени отчетторду тапшыруу оңой жана жөн гана тиркеме аркылуу суралган маалыматтарды толтуруп коюуга болот. “Ишкер 24” аркылуу жылына 15 миллион сомго чейин жүгүртүүсү бар ишкерлер мүмкүнчүлүк алышат – мында салык нөл, отчеттор нөл, болгону, Социалдык фондго чегерише турганын эске тутуп коюга болот.  

    Ишкер үчүн бул маанилүү! 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөдө иш-аракеттин айрым түрлөрүнө патенттерди жокко чыгаруу ишке ашырылган (маалымат www.ishker24.kg сайтында жана Мамлекеттик салык кызматынын сайтында). Бул өзгөртүүгө байланыштуу бизнестин ЖИ (жеке ишкер) статусуна өтүшү зарыл же башка уюштуруу-укуктук форманы жана салык режимин тандоого тийиш. “Ишкер 24” МТ – бул ишкерлердин салык кызматына же банктын бөлүмдөрүнө барбастан эле, ЖИге өтүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген жалгыз санарип чечими. Бул, ошондой эле, чет өлкөдө жүргөндөр жана Кыргыз Республикасында салык төлөгөндөр үчүн болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу чечим.

    «Ишкер24» программасын жүктөп алыңыз, бул тиркемени өлкөбүз боюнча 25 000ден ашуун ишкер колдонуп, пайдасын көрүп жатышат. Смартфонуңуздан (телефон) эле бизнесиңизди башкара берсеңиз болот. Рыноктогу жеке чечимдерге убакыт коротпоңуз. “Ишкер 24” – сиздин бизнеске “бирдиктүү терезеде” санарип жардамы!

    www.ishker24.kg